The tradition & historical record
3 min read · 2 sourcesТөөнү ботосуна көндүрүү жөрөлгөсү (монг. ботго авхуулах зан үйл) — моңгол малчыларынын жаңы туулган же энесинен ажырап жетим калган ботону эне төөгө кабыл алдыруу максатында өткөрүүчү салттуу жөрөлгөсү. Ал 2015-жылы ЮНЕСКОнун Шашылыш коргоого муктаж болгон материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилген. 1
Жөрөлгөнүн өткөрүлүшү
Жөрөлгөнү өткөрүүдө моңгол малчылары эне төө жаңы туулган өз ботосун же башка төөнүн жетим калган ботосун кабыл алышы үчүн атайын ыкмаларды колдонушат. Ал үчүн эне төөнү ботосунун жанына байлап коюшат да, аткаруучу ишараттарды жасап, кайрылуу сөздөрүн айтып, бир калыптагы обонду ырдай баштайт. Башында эне төө ботосун жакын жолотпой, агрессивдүү мүнөз көрсөтүшү мүмкүн; андыктан аткаруучу төөнүн жүрүм-турумуна жараша обонду өзгөртүп, аны акырындык менен ботону кабыл алууга көндүрөт. Бул салттуу жөрөлгө адатта күүгүмдө өткөрүлөт. Жөрөлгөнү ийгиликтүү өткөрүү үчүн төө багуу жана аны менен тил табышуу көндүмдөрүнөн тышкары, ырчылык өнөр, ошондой эле морин хуур же сыбызгы сыяктуу музыкалык аспаптарда ойной билүү чеберчилиги талап кылынат. Адатта бул жөрөлгөнү малчы аялдар өздөрү аткарышат; эгерде жамаатта ырчы же музыкант жок болсо, кесипкөй аткаруучулар чакырылат. 1
Маданий жана коомдук мааниси
Төөнү ботосуна көндүрүү жөрөлгөсү көчмөн үй-бүлөлөр менен жамааттын ортосундагы коомдук байланыштарды түзүүнүн жана сактоонун символдук каражаты болуп саналат. Жөрөлгөнүн билимдери жана аны аткаруу тажрыйбасы үй-бүлө ичинде ата-энелерден жана улуулардан жаштарга өткөрүлүп берилет. ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин баалоосуна ылайык, бул жөрөлгө катаал климаттык шарттарда адам менен жаныбардын ортосундагы тыгыз байланышты чагылдырып, жаштарды көчмөн маданиятына жана чарбасына үйрөтүп, жамаатка өз өзгөчөлүгүн жана муундардын уланмалуулугун сезүүгө жардам берет. 1
Коркунучтар жана коргоо чаралары
Заманбап өзгөрүүлөрдүн натыйжасында бул салттын сакталышына бир катар факторлор коркунуч туудурууда: 1
көчмөн жашоо образынын солгундашы; мотоциклдердин кеңири колдонулушу унаа катары төөлөрдү сүрүп чыгарууда; жаштардын айыл жерлеринен шаарларга көчүп кетиши өсүүдө; кен казуу тармагында иштөө салттуу мал чарбачылыгына караганда көбүрөөк киреше алып келет; мектепте окууга байланыштуу балдар малчы үй-бүлөлөрүнөн алыс жашоого аргасыз болушат; жөрөлгөгө катышкан музыканттардын жана музыкалык аспаптардын түрлөрүнүн саны азайып баратат. Натыйжада жаңы муундар мал чарбачылыгы менен болгон салттуу байланышын жоготуп, бул салтты алып жүрүүчүлөрдүн саны тез азайууда. Жөрөлгө Моңголиянын шашылыш коргоого муктаж материалдык эмес маданий мурастарынын улуттук тизмесине киргизилген. Моңголия бул элемент боюнча өтүнмөнү алгачкы жолу 2011-жылы сунуштаган; кийинчерээк Өкмөттөр аралык комитет өлкөнүн документтер топтомун кыйла жакшыртканын белгилеген. 2015-жылы комитеттин 10-сессиясында (10.COM 10.A.5 чечими) жөрөлгө ЮНЕСКОнун тизмесине катталган. Аны сактап калуу боюнча коргоо планы устат-шакирт системасын өнүктүрүүнү, окумуштуулардын изилдөөлөрүн жүргүзүүнү жана салтты кеңири жайылтууну камтыйт. 1
Шилтемелер
Coaxing ritual for camels — ЮНЕСКО (англ.) 1
The text above is adapted from the Wikipedia article “Төөнү ботосуна көндүрүү жөрөлгөсү”, available under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 4.0 licence. 1
Coaxing ritual for camels is coaxing ritual performed by Mongol herders to encourage a female camel to accept a new-born calf or to adopt an orphan – inscribed in the List of Intangible Heritage in Need of Urgent Safeguarding in 2015, according to the structured record cited below. This entry was generated automatically from that record and has not yet been reviewed by a person familiar with the tradition. 2
The source record links this tradition to 1 external register, which can be verified through the citation. 2





