The tradition & historical record
2 min read · 2 sourcesТүркмөн килеми — Түркмөнстанда жүндөн колго токулуп, оймо-чийме өнөрү менен кооздолуучу салттуу килемдер жана килем буюмдары. Түркмөн килемдери тыгыз түзүлүшү жана так сызыктуу геометриялык оймо-чиймелери менен айырмаланат. 2019-жылы аларды токуу өнөрү ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилген. 1
Токуу өнөрү жана оймо-чиймелери
Түркмөн килемдери горизонталдык жана вертикалдык токуу жабдыктарында, негизинен ар түстүү жүн жиптерден токулат. Килемдердин негизги өзгөчөлүгү — тыгыз токулушу жана геометриялык түзүлүштөгү так сызыктуу композициялары. Түркмөндөрдүн беш негизги уруусунун ар бирине гана таандык болгон салттуу оймо-чиймелери бар. Килемдеги жиптердин, оймо-чиймелердин жана түстөрдүн айкалышында токуучуну курчап турган жергиликтүү жаратылыш, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү чагылдырылат. ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитети белгилегендей, килем жасоо жараянына бир нече кесиптин ээлери катышып, алардын ар бири өз милдетин аткарат. 1
Турмушта колдонулушу жана маданий мааниси
Күнүмдүк турмушта түркмөн килемдери жерге төшөлүп же дубалга илинип колдонулат. Мындан тышкары, коомдук жана үй-бүлөлүк турмуштагы маанилүү окуяларга арналган атайын килемдер токулат: бала төрөлгөндө, үйлөнүү тоюна, намаз окууга жана аза күтүү жөрөлгөлөрүнө арналган түрлөрү бар. Килем токуу өнөрү түркмөн элинин маданий өзгөчөлүгүнүн жана биримдигинин белгиси болуп саналат. Бул чеберчилик үй-бүлө ичинде муундан муунга өткөрүлүп берилет, ал эми жыл сайын белгиленүүчү Килем күнү өлкөнүн ар кайсы жамааттарын бириктирет. Өкмөттөр аралык комитеттин баалоосуна ылайык, килем токуу өнөрү Түркмөнстандын бүткүл аймагында кеңири таралып, элдин экономикалык турмушуна да салым кошот. Күнүмдүк пайдалуулугунан тышкары, килем токуу үй-бүлөлүк жана коомдук жөрөлгөлөрдө, салттарда жана майрамдарда маанилүү ролду ойноп, жамааттарга коомдук өзгөчөлүк жана уланмалуулук сезимин берет. 1
ЮНЕСКОнун тизмесинде
2019-жылы ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 14-сессиясында (14.COM 10.b.39 чечими) Түркмөнстандагы салттуу килем токуу өнөрү Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине катталган. Бул маданий мурасты сактап калуу жана өнүктүрүү чаралары жети негизги багыт боюнча жүргүзүлөт: чеберчиликти муундан муунга өткөрүү, изилдөө жана документтештирүү, билим берүү, басылмаларды чыгаруу, жайылтуу жана маалымдуулукту жогорулатуу, коргоо жана сактоо, ошондой эле улуттук потенциалды өнүктүрүү. Бул чараларды ишке ашырууда килемчилер жана башка чеберлер негизги ролду ойношот. Комитеттин пикиринде, тизмеге киргизүү килемчилер менен башка кол өнөрчүлөрдүн байланышын чыңдап, өлкөдөгү окшош кол өнөрлөргө кызыгууну арттырат жана дүйнө жүзүндөгү жамааттардын тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзөт. 1
Дагы караңыз
Көчмөн маданияты 1
Шилтемелер
Traditional turkmen carpet making art in Turkmenistan — ЮНЕСКО (англ.) 1
The text above is adapted from the Wikipedia article “Түркмөн килеми”, available under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 4.0 licence. 1
Traditional Turkmen carpet making art in Turkmenistan is heritage craft, according to the structured record cited below. This entry was generated automatically from that record and has not yet been reviewed by a person familiar with the tradition. 2
The source record links this tradition to 1 external register, which can be verified through the citation. 2









